Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын “Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төртүнчү жыйыны өттү.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси —Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева.
Жыйынга Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, психологдордун ассоциацияларынын, ошондой эле эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мыйзам долбоору тааныштырылып, документ кеңири талкууланды. Катышуучулар Кыргызстанда психологиялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн укуктук негизди түзүүгө багытталган документтин негизги жоболорун карап чыгышты.
Психологдордун кесиптик ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, адистердин укуктарын жана милдеттерин аныктоо, кесиптик ишмердүүлүккө коюлуучу талаптар, ошондой эле бул чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.
Психологдордун кесиптик жана илимий коомчулугунун өкүлдөрү мыйзам долбоорунун айрым жоболору боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар документти мындан ары өркүндөтүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору боюнча иш улантылат.
Эске салсак, бул “Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төртүнчү жыйыны.