Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки футболчулар менен болгон өз ара мамилеси жана команда менен иштөө ыкмасы тууралуу суроолорго жооп берди.
Буга чейин айрым оюнчулар мурунку башкы машыктыруучу аларга европалык футболчулардай мамиле кылганын белгилешкен. Бул тема боюнча пикирин билдирген Просинечки ал үчүн оюнчулар менен өз ара түшүнүшүү, ишеним жана дайыма баарлашып туруу абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
"Биз футболчулар менен жекече абдан көп сүйлөшөбүз. Мен көп нерсени түшүнүп калдым, алардын кандай иштеп жатканын, канчалык деңгээлде мотивациясы бар экенин жана эмнеге жеткиси келгенин көрүп турам. Биз бири-бирибизге көнүп, биргеликте алдыга жылабыз", - деди насаатчы.
Башкы машыктыруучунун айтымында, учурда командада абдан жакшы атмосфера өкүм сүрүүдө, ал эми оюнчулар иштөөгө жана өсүүгө болгон чоң каалоолорун көрсөтүп жатышат.
"Мен оюнчу катары да, инсан катары да ар дайым жеңүүчү болуп келгем. Бүткүл карьерамда бир гана жеңишке умтулдум. Кыргызстан менен биргеликте дагы чоң ийгиликтерге жана триумфка жетишебиз деп үмүттөнөм", - деп билдирди Просинечки.
Машыктыруучу азырынча чоң жыйынтыктарды чыгаруу эрте экенин, бирок алдыдагы Азия Кубогунан кийин аткарылган иштердин жыйынтыгына кененирек баа берсе болорун кошумчалады.