Президенттик шайлоого 18 жашка толгон 137 миң жаран катышат

Коом 24 сентябрь 2026 11:35
Президенттик шайлоого 18 жашка толгон 137 миң жаран катышат
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Президенттик шайлоого 18 жашка толгон 137 миң жаран катышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

БШК төрагасы депутат Мирлан Жээнчороевдин биринчи ирет шайлоого катышкан жарандарга белек берүү сунушун карап чыгышарын айтты.

“Президенттик шайлоого 18 жашта толгон 137 миң жаран биринчи жолу катышат. Биз эсептеп көрдүк, эгерде аларга миң сомдук белек берсек, 137 млн сом кетет экен. Бирок биз сөзгө калабызбы деген ой да бар. Эгерде сиздер колдоп берсеңиздер, биз буга макулбуз. Бул маселени карап чыгалы”, - деди Шайназаров.