Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салттуу жаңы жылдык президенттик балаты майрамы өттү.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты.
"Кабар" агенттиги президенттик балатыдагы балдардын бактылуу учурунан сүрөттөр менен бөлүшөт.