Президент Нарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборун көрүп чыкты

Президент 7 октябрь 2026 16:20
837397044_1697872122347415_5349694570213440140_n.jpg
839430142_1697872305680730_7006597018614687658_n.jpg
838682795_1697872085680752_5290322217117885763_n.jpg
839048875_1697871912347436_1011350648628908739_n.jpg
838219756_1697871935680767_829393535686994993_n.jpg
836960159_1697871895680771_900542271470415603_n.jpg
839067803_1697872255680735_3216372501758484548_n.jpg
839012692_1697872195680741_3581395863953955581_n.jpg
839167563_1697871959014098_6313807815880790020_n.jpg
838639377_1697872029014091_8781737846875369618_n.jpg
838197309_1697872329014061_3298812230629213688_n.jpg
839740051_1697872175680743_6833975484613201677_n.jpg
838562102_1697872369014057_2694664948246553926_n.jpg
839476677_1697872112347416_5305563469178458930_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, ошондой эле оюн жана эс алуу залдарын, оюн аянтчаларын жана объекттин башка бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Заманбап эки кабаттуу борбор аянты 6 600 чарчы метр болгон жер тилкесине курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Объект ата-энелери менен бирге бир учурда 350гө жакын баланын болушуна ылайыкталган.

Садыр Жапаров шаарда балдардын кызыктуу эс алуусу жана үй-бүлөлүк убакытты бирге өткөрүүсү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы борбор балдардын чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында президент калкка зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн курулган жаңы муниципалдык борбордук мончонун ишмердүүлүгү менен таанышты. Комплексте ошондой эле тренажер залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн жана башка инфраструктуралык объектилер каралган.