Президент “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди — Кабар

Президент “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди

Президент 29 август 2026 17:19
IMG_6577.jpeg
IMG_6554.jpeg
IMG_6555.jpeg
IMG_6556.jpeg
IMG_6557.jpeg
IMG_6558.jpeg
IMG_6559.jpeg
IMG_6560.jpeg
IMG_6561.jpeg
IMG_6562.jpeg
IMG_6563.jpeg
IMG_6564.jpeg
IMG_6565.jpeg
IMG_6566.jpeg
IMG_6567.jpeg
IMG_6568.jpeg
IMG_6569.jpeg
IMG_6570.jpeg
IMG_6571.jpeg
IMG_6572.jpeg
IMG_6573.jpeg
IMG_6574.jpeg
IMG_6575.jpeg
IMG_6576.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6577.jpeg
IMG_6554.jpeg
IMG_6555.jpeg
IMG_6556.jpeg
IMG_6557.jpeg
IMG_6558.jpeg
IMG_6559.jpeg
IMG_6560.jpeg
IMG_6561.jpeg
IMG_6562.jpeg
IMG_6563.jpeg
IMG_6564.jpeg
IMG_6565.jpeg
IMG_6566.jpeg
IMG_6567.jpeg
IMG_6568.jpeg
IMG_6569.jpeg
IMG_6570.jpeg
IMG_6571.jpeg
IMG_6572.jpeg
IMG_6573.jpeg
IMG_6574.jpeg
IMG_6575.jpeg
IMG_6576.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта “Манас” эл аралык аэропортуна анын масштабдуу реконструкциядан кийинки абалы менен таанышуу үчүн пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы аэропорттун аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкты.

Президент ошондой эле жакынкы күндөрү Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жана иш сапарлар менен келе турган жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга аэропорт комплексинин даярдыгы менен жеринен таанышты.

Мамлекет башчысы жооптуу жетекчилерге аэропорттун жана ага чектеш аймактын толук даярдыгын камсыз кылууну тапшырып, тартипти жана коопсуздукту сактоого, протоколдук иш-чараларды так уюштурууга жана келген делегацияларды сапаттуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча боло турган алдыдагы эл аралык иш-чараларга даярдыкты жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.