Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – өлкөнү эл аралык логистиканын негизги звеносуна айландыра алат. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчысы анда аталган долбоордун стратегиялык маанисине токтолду.
"Автомобиль инфратүзүмүн өнүктүрүү менен катар эле Кыргызстандын геосаясий ролун өзгөрткөн долбоорду баштадык. Азыркы учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун бүткүл узундугу боюнча толук масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат. Бул жол жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Евразия мейкиндигинин экономикалык картасын өзгөртүүгө жана биздин өлкөнү эл аралык логистиканын негизги звеносуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артерия", — деди президент.