Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Дордой” соода-базар комплексинин базарларында жана кичибазарларында салыктык администрациялоо жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, салык жол-жоболорун фискалдаштырууну өркүндөтүү жана ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
- КР министрлер кабинети:
1) төмөнкүлөр боюнча пилоттук долбоор өткөрсүн:
– 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейинки мезгилде “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерининсалык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо боюнча милдеттерди базарлардын жана кичи базарлардын администрацияларына салык агенти статусунда жүктөө;
– 2025-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейинки мезгилде жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү;
2) бир айлык мөөнөттө:
– Базарлардын жана кичи базарлардын администрациялары тарабынан салык агентинин статусунда салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмени аткарууну эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
– пилоттук долбоорго катышуучу “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитсин;
3) 2025-жылдын 1-декабрына чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан салык кызматынын органдарына берилүүчү маалыматты актуалдаштырсын;
4) өткөрүлгөн пилоттук долбоорлордун жыйынтыктары боюнча 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр каралган “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
– базарлардын жана кичи базарлардын, ошондой эле соода борборлорунун аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучуишкердик субъекттеринин салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча салык агентинин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
– жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттеринин салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо боюнча милдеттерди базарлардын жана кичи базарлардын администрацияларына салык агенти статусунда жүктөө боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү ишинуюштурсун;
2) салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында банктарга салык кызматынын органынын маалыматтык системасынын сервистерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү камсыз кылсын.