Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө курулуш иштерин бардык зарыл документтер толук даярдалгандан кийин гана баштоону тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда фельдшердик-акушердик пункттун маселеси боюнча кайрылууга жооп берип жатып айтты.
Жергиликтүү тургундун айтымында, ФАП мындан алты-жети жыл мурда араб инвесторлорунун каржылоосу менен курулган. Бирок ушул күнгө чейин анын документтери толук бүткөрүлбөгөндүктөн, айыл тургундары объектти өз карамагына ала албай келишет. Ошондой эле жергиликтүү тургундар ФАПтын жанына стоматологиялык кабинет ачууну пландашкан. Ал үчүн зарыл болгон жабдуулар бар, бирок документ маселесинен улам аларды пайдалана албай жатышат.
Сокулук районунун акими Илияз Ташикуловдун маалыматына караганда, курулуш 2021-жылы башталып, 2022–2023-жылдары аяктаган. Бирок текшерүү учурунда объект белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталган. Маселени чечүү үчүн долбоорчу жана техникалык көзөмөл тартылганы менен, аныкталган кемчиликтер документтерди тариздөөгө тоскоолдук жараткан.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев мындай маселелерди жергиликтүү бийлик кайрылган учурда чечүүгө болорун билдирди. Анын айтымында, объект курулуп, колдонууга берилип калгандыктан, министрлик зарыл документтерди тариздөө жоопкерчилигин өзүнө алууга даяр. Ошол эле учурда мындай көйгөйлөр тууралуу маалымат министрликке дайыма эле өз убагында жетпей турганын белгиледи.
Президент мындай көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтып, курулуш башталганга чейин бардык документтер даяр болушу зарылдыгын баса белгиледи.
“Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, документтерин бүтүрмөйүнчө эч качан курулуш баштабагыла! Адегенде куруп алышат, анан документтерин издеп, чуркап жүрүшөт. Бул кандай көрүнүш? Адегенде документтер даярдалып, анан курулуш башталбайбы?” — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы акимдерге курулушту демилгелеген тараптардан алгач бардык зарыл документтерди даярдоону, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну талап кылып, андан кийин гана курулуш иштерин баштоону тапшырды.