Президент: Алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 14:45
unnamed.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Алдыдагы ири иш-чараларды дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз кажет. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, жакынкы мезгилде өлкөнү маанилүү иш-чаралар күтүп турат.

“Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстандын төрагалык кылуусу – бул биздин эл аралык аренадагы ийгиликтерибизди таануу гана эмес, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Бизди алдыда - Чыңгыз Айтматов өзү демилгелеп кеткен Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күтүп турат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы жаңы, эң ири спорттук жай боло турган “Бишкек аренасы” улуттук стадионунда өтөт. Оюндарды дүйнөлүк бийик деңгээлде өткөрүү үчүн даярдыктар кемчиликсиз аткарылып, биз бардык күчүбүздү жумшашыбыз кажет”,-деп белгиледи Жапаров.