Португалияда 850 миңдей үй жарыксыз калды

Дүйнө Загрузка... 30 Январь 2026 09:00
707c3abc-de3a-4426-84eb-a52a8ce894fc.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Португалияда 850 миңдей үй жарыксыз калды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, электр энергиясынын жалпы өчүшүнө "Кристин" бороону себеп болгон.

Анын кесепетинен Лейрия округунда катуу шамал электр чубалгыларын үзүп, авариялык кырдаал жаралган.

Бороондун айынан мектептер жабылды. Аба ырайы транспорт кыймылына залакасын тийгизди. Ар кандай кырсыктардан 5 киши каза тапты.