Польшада төрөттүн азайышынан улам төрөт бөлүмдөрү жабылууда

Дүйнө 7 апрель 2026 08:45
Польшада төрөттүн азайышынан улам төрөт бөлүмдөрү жабылууда

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Польшада төрөттүн азайышынан улам төрөт бөлүмдөрү жабылууда. Бул тууралуу Интерфакс OKO.press порталынын маалыматына таянып жазды.

Ага ылайык, төрөттүн саны 2010-жылдагы 403 миңден 2025-жылы 238 миңге чейин төмөндөдү.

Төрөттүн азайышы төрөт бөлүмдөрүнүн жабылышына алып келүүдө. 2025-жылы Польшада 284 төрөт бөлүмү (акушердик жана гинекология) болсо, 2026-жылдын январына карата алардын 18и жабылган. 2024- 2025-жылдары 37 бөлүм жабылган.

Анткени мындай бөлүмдөрдү жаппай кармоо кымбатка туруп, оорукананын бюджетине кошумча жүк түшүрөт деп айтылууда.