Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Перуда нөшөрлөгөн жаандан улам 20дан ашык адам каза тапты. Бул тууралуу "МИР 24" билдиргенин, БелТА кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаандан улам миңдеген жашоочулар таза суусуз жана электр жарыгысыз калды. Суунун катуу агымынан 167 жол бузулду, 20 чакырым жолду суу жууп кетти.
Чилинин борбору Сантьягодо да катуу жаан жаап, жолдордогу унааларды агызып кетти. Сел шаардын бир катар райондорунда унаа кыймылына тоскоолдук жаратты. Электр мамычалары кулап, эл жарыксыз калды.