Перс булуңунда мунай өндүрүү кескин азайды

Дүйнө Загрузка... 18 Март 2026 09:10
58dbcef1-41f8-4e87-a774-418772a7d3b8.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калышына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайды. Бул тууралуу Казинформ билдирет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60%га кыскарган. Мунун негизги себептери жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен 20%ы өтүүчү маанилүү жол. Анын жабылышы экспорттоочуларды жүктөрдү ташууну жана айрым кендерде өндүрүштү убактылуу токтотууга мажбур кылды. Бул дүйнөлүк рынокто ири каатчылыкты жаратты.

Бириккен Араб Эмираттары мунай өндүрүүнү эки эседен ашык, Сауд Аравиясы 20%га жана Ирак болжол менен 70%га азайтты.

Аналитиктердин айтымында, сегиз өлкө (Сауд Аравиясы, Кувейт, Иран, Ирак, Оман, Катар, Бахрейн жана БАЭ) боюнча мунай экспорту мурдагы 25 млн баррелден суткасына орто эсеп менен 9,7 млн баррелге чейин түшкөн. Айрым талдоолордо бул көрсөткүч 7,5 млн баррелге чейин жетип, 71%га төмөндөгөнү айтылууда.

Атап айтканда, Жакынкы Чыгышта мунай өндүрүү күнүнө 7–10 млн баррелге чейин кыскарганы белгиленүүдө.