Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Педагогикалык окуу жайга ЖРТдан 130 баллдан жогору алган абитуриенттер гана тапшыра алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылында педагогикалык адистиктерге кабыл алына турган абитуриенттерге болгон талаптар жогорулайт.
«Буга чейин ЖРТдан 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары сертификациялоо системасы кирет. Андан калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт», - дейт министр.