Пашинян: Армения көп уюлдуу дүйнөнү жана кызыкчылыктардын тең салмагын колдойт

ШКУ 1 сентябрь 2026 18:30
Пашинян: Армения көп уюлдуу дүйнөнү жана кызыкчылыктардын тең салмагын колдойт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 1-сентябрда, Бишкекте өткөн “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда көп уюлдуу дүйнө мамлекеттердин көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керектигин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык мамилелер бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын урматтоого жана алардын тең салмагына негизделиши зарыл. Тең салмактуулуктун жоктугу мамлекеттердин көз карандысыздыгына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилеп, Армения көп уюлдуу дүйнөнү өнүктүрүүнү колдой турганын кошумчалады.

“Биз чыр-чатактуу кырдаалда жашап туруп, эгемендүү жана көз карандысыз болуу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келдик. Менин оюмча, көп уюлдуулук аймакта буга өз салымын кошушу керек”, — деди Армениянын премьер-министри.

Пашинян аймактагы мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөнүн зарылдыгына токтолуп, учурда Армения Азербайжан жана Түркия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп жатканын айтты. Эки өлкөнүн ортосунда тынчтык орногондон кийин транспорттук байланыштарды жана соода-экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тыгыз иш алып барылууда. Аймактык коммуникацияларды өнүктүрүү Каспий аймагын Перс булуңу менен байланыштырган транспорттук каттамдарды пайдаланууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Армения акыркы жылдары Грузия, Казакстан, АКШ, Россия, Нидерланддар, Люксембург, Германия, Улуу Британия жана Европа биримдиги менен стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын, ошондой эле Индия, Иран жана Россия менен болгон мамилелер маанилүү экенин кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда Никол Пашинян Армения 2026-жылы БУУнун алдында өткөрүлүүчү COP17 конференциясын кабыл аларын айтып, мамлекеттерди бул иш-чарага катышууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстанды саммиттин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, келерки жылы ШКУга төрагалык кылууну кабыл ала турган Пакистанга ийгилик каалады.