Парламент депутаттары ЕККУ ПАнын жыйындарына катышууда

Жогорку Кеңеш 8 октябрь 2026 18:40
838219669_2246590365915423_3822169758956001592_n.jpg
839725121_2277800259644726_2155501568677110365_n.jpg
Алдыга
Артка
838219669_2246590365915423_3822169758956001592_n.jpg
839725121_2277800259644726_2155501568677110365_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев жана “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА ) 24-күзгү сессиясына катышууда.

Парламенттен билдиришкендей, жыйындар 7-9-октябрь күндөрү Андорра-Ла-Велья шаарында өтүп жатат.

Иш-чаралардан алкагында “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров парламенттер аралык кызматташтык, инклюзивдүүлүк жана санариптештирүү доорундагы коопсуздук маселелери боюнча баяндама жасады.

Өз баяндамасында депутат Кыргызстандын тажрыйбасына токтолуп, санариптештирүү калктын реалдуу турмуш шарттарын, анын ичинде алыскы айылдардын тургундарынын муктаждыктарын эске алууга тийиш экенин кошумчалады. Ошол эле учурда санариптик платформаларды өнүктүрүү менен катар калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, аялдардын, карылардын жана жаштардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү кадам экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАга 57 мүчө мамлекеттен 300дөн ашуун парламентарийлер кирет.

Ассамблея парламенттер аралык өз ара аракеттенүү, шайлоолорго байкоо жүргүзүү, ошондой эле демократия менен адам укуктарынын принциптерин илгерилетүү үчүн динамикалуу форум катары кызмат кылат. Андан тышкары, парламенттик дипломатия механизмдери аркылуу кагылышуулардын алдын алууга, кризистерди жеңүүгө жана бүткүл ЕККУ мейкиндигинде узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылууга багытталган жалпы чечимдерди иштеп чыгууга жигердүү салым кошуп келет.