Пара алууга шектелип Жаратылыш министрлигинин эки кызматкери кармалды

292 15 Май 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-05-15 at 14.19.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 13.54.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-15 at 14.19.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 13.54.21.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Ишкерлерден пара талап кылган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 61 жаштагы О.М.К. жана 34 жаштагы Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

Тергөө иштери уланууда.