Кадамжай РЭТинин башкы инженери пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 25 Февраль 2025 17:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Ш.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үч фазалуу системанын энергиясын орнотуу үчүн 30 миң сом акча каражатын опузалап жаткан Кадамжай районунун электр тармагынын кызмат адамына чара көрүүнү суранган. 

Бул факт боюнча Баткен облустук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. 

Ошентип, 21-февралда тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, опузалоочунун көрсөтмөсү менен электрондук эсепке 30 миң сом акча каражаты которулгандыгы жана аны Кадамжай районунун райондук электр тармактарынын(РЭТтин) актылары боюнча 1981-жылы туулган Х.М. аттуу башкы инженер алгандыгы аныкталган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан Х.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.