Пакистанда жол кырсыгынан 11 адам көз жумду

Дүйнө 16 февраль 2026 09:40
Пакистанда жол кырсыгынан 11 адам көз жумду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Пакистандын Синд провинциясында жүргүнчү ташуучу автобус менен чиркегичи бар жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан кеминде 11 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдиргенин, БелТА жазды.

Маалыматка караганда, окуя Хайрпур районунда Пенжаб провинциясынан түштүктөгү Карачи порт шаарына бара жаткан жүргүнчү ташуучу автобус оор бетон устундарды ташыган жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Каза болгондордун арасында 9 жүргүнчү, айдоочу жана кондуктор бар экени айтылды.

Жаракат алгандар жакын жердеги ооруканага жеткирилген.