Пакистанда жогорку деңгээлде өнүккөн байыркы цивилизациянын издери табылды

Дүйнө Загрузка... 24 Декабрь 2025 09:05
96320951-6072-461f-aee8-31e7e2fede11.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Пакистанда археологдор жогорку деңгээлде уюшулган байыркы цивилизациянын издерин аныкташты. Пенжаб провинциясынын археология департаменти Таксила шаарына жакын жайгашкан Бхир тарыхый эстелигинде жүргүзүлгөн казуу иштеринин жүрүшүндө б.з.ч. VI кылымга таандык шаар маданиятынын далилдерин тапты. Бул тууралуу The Express Tribune басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Анда белгиленгендей, казуулар учурунда тар көчөлөр, турак жайлар, кудуктар, дан сактоочу жайлар жана күнүмдүк тиричиликке тиешелүү буюмдар табылган. Адистер шаар табигый жол менен өнүгүп, анын пландаштырылышы кийинчерээк пайда болгон грек шаар куруу моделинен айырмаланарын белгилешти.

Бхир шаары Борбор Азия жана Афганистанга алып барган ири соода жолдорунун боюнда жайгашкандыктан, ар кыл доорлорго таандык уникалдуу объектилерге бай. Ал Таксила аймагындагы эң байыркы конуш болуп эсептелет. Таксиланы өз убагында Александр Македонский Индияга жасаган жортуулунун жүрүшүндө басып алган.

Тарыхчылардын айтымында, Бхир шаары байыркы Гандхара цивилизациясынын калыптанышында маанилүү роль ойногон. Бул цивилизация тууралуу маалыматтар “Махабхарата” жана “Рамаяна” сыяктуу атактуу индиялык эпостордо да кездешет.