Ташкент, 29.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү массалык түрдө мыйзамсыз берүү фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз схема бир эле учурда өлкөнүн сегиз аймагында аныкталган. Ага мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун айрым кызматкерлери жана башка адамдар катышканы белгиленет. Натыйжада 1,2 миңден ашуун жаран жасалма айдоочулук күбөлүк алган.
Жасалма айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери жол кыймылынын эрежелерин жалпы 1 305 жолу бузган. Ошондой эле алардын катышуусунда тогуз жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч адам каза болуп, алты киши жаракат алган.
Бул факт боюнча Башкы прокуратурада атайын ыкчам-тергөө тобу иш алып барып, бардык жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү жана тиешелүү документтерди текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматта айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз алуу жоопкерчиликке алып келери белгиленет.