Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашты. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95 пайызы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду.
Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61 пайызын жашыл аймактар түзөт.
Ошондой эле алдыңкы ондукта Хельсинки, Вена, Канберра, Сидней, Стокгольм, Сингапур, Рединг жана Мюнхен шаарлары бар.
Адистердин айтымында, азыркы саякатчылар табият менен айкалышкан шаарларга көбүрөөк кызыгууда. Бул рейтинг Ослонун эл аралык имиджин бекемдеп, туристтердин агымын рекорддук деңгээлге жеткирди.