“Оскар–2026” сыйлыгын “Битва за битвой” тасмасы жеңди

Дүйнө Загрузка... 16 Март 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Күн мурун АКШнын Лос-Анжелес шаарында Киноакадемиянын 98-“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда “Битва за битвой” тасмасы биринчиликти алды. Бул тууралуу Известия” билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, бул жылы сыйлыкка “Эң мыкты кастинг” аттуу жаңы номинация кошулду.

Негизги жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:

  • Эң мыкты тасма – “Битва за битвой” (Пол Томас Андерсон)
  • Эң мыкты эркек актёр – Майкл Б. Жордан (“Грешники”)
  • Эң мыкты аял актёр – Жесси Бакли (“Хамнет”)
  • Эң мыкты режиссёр – Пол Томас Андерсон (“Битва за битвой”)
  • Эң мыкты экинчи пландагы эркек актёр – Шон Пенн (“Битва за битвой”)
  • Эң мыкты экинчи пландагы аял актёр – Эми Мэдиган (“Орудия”)
  • Эң мыкты чет өлкөлүк тасма – “Сентиментальная ценность”
  • Эң мыкты мультфильм – “Кей-поп-охотницы на демонов”.

Башкы сыйлыкты жеңген “Битва за битвой” тасмасынын режиссёру — Пол Томас Андерсон. Фильм америкалык постмодернист жазуучу Томас Пинчон жазган “Вайнленд” романынын негизинде тартылган.

Фильмдин жанры — комедия жана саясий боевик. Сюжет эки атанын каршылыгы жөнүндө: бири — солчул революционер, экинчиси — фашисттик көз караштагы аскер.

Фильм ошондой эле “Эң мыкты адаптацияланган сценарий”, “Эң мыкты монтаж” жана “Эң мыкты кастинг” номинациялары боюнча да жеңүүчү аталды. Мындан мурда бул фильм Golden Globe Awards жана BAFTA (British Academy of Film and Television Arts) сыйлыктарында да чоң жеңишке жеткен.