Оштун мурдагы биринчи вице-мэри коррупцияга айыпталып кармалды

Укук тартиби Загрузка... 03 Сентябрь 2025 17:15
WhatsApp Image 2025-09-03 at 16.33.20 (1).jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен айыпталган.

Ош шаардык соту И.М.А.га карата 31-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.