Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ош гүлгө оронду. Шаар түркүн-түстүү гүлдөргө бөлөнүп, өзгөчө кооздукка ээ болууда.
Көчөлөрдү жана аянттарды кооздогон гүлдөр шаарга көрк берип жатат. Алар көз жоосун алып, тургундардын суктануусун жаратууда.
Мэриядан билдиришкендей, быйыл шаар аймагына 20 миңге жакын дарак жана бадал көчөтүн, ошондой эле 1,5-2 млн түп гүл отургузуу пландалган.