"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

Коом 26 Август 2026 13:40
copyright icon Ленин райондук администрациясы

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ленин райондук администрациясынан билдиришкендей, бул иштер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган

"Стадиондун аймагына жалпы 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл отургузулду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата аймакты тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылууда.