Бишкек гүлгө оролот: Калаага 2 млн көчөт эгилүүдө

Коом 16 Апрель 2026 12:06
674135742_1429612362547947_7782277505483314325_n.jpg
WhatsApp Image 2026-04-16 at 08.59.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-16 at 08.59.59.jpeg
673179700_1429612365881280_2677410553362756144_n.jpg
Алдыга
Артка
674135742_1429612362547947_7782277505483314325_n.jpg
WhatsApp Image 2026-04-16 at 08.59.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-16 at 08.59.59.jpeg
673179700_1429612365881280_2677410553362756144_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бишкекте 2 млн бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гүлдөр борбор калааны жашылдандыруу үчүн ар түрдүү гүлдөр колдонулат: тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгин, петуния жана колеус. Алар жаз-жай мезгилинде шаарды кооздукка бөлөп турат.

Гүл композициялары менен борбордук көчөлөр, парк, сквер жана шаардагы бардык гүлзарлар кооздолот.

"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, гүлдөрдү тебелебөө, үзбөөгө жана Бишкекти көрктөндүрүү үчүн күн сайын эмгектенген адистердин эмгегин урматтоого чакырат.