Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында 2025-жылы 18 миң 755 көчөт тигилди. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында айтылды.
Маалыматка караганда, бул 2024-жылга салыштырмалуу 7 966 көчөткө көп болду.
Мындан тышкары, шаарга былтыр 1 млн 586 миң бир жылдык гүл, 8 210 роза жана 229 миң 380 жоогазын отургузулган.