Ошто жасалма VIN-код менен техника саткан чет элдик кармалды

Укук тартиби Загрузка... 22 Май 2026 11:30
NazarNews_332200772481432446590910593522301685667.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ош облусунда жасалма VIN-коддор менен атайын техникаларды сатуу схемасы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат чет өлкөдө жасалган, идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу боюнча кылмыштуу схемага бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында чет өлкөлүк Л.Л. аттуу жаран материалдык пайда табуу жана бажы төлөмдөрүнөн качуу максатында атайын техникаларды мыйзамсыз кайра жабдыганы аныкталды. Ал техникалардын заводдук тактайчаларын, VIN-номерлерин жана башка идентификациялык маалыматтарын алмаштыруу менен чыгарылган жылын жашырып, аларды жаңы техника катары кымбат баада сатып келген.

Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк жаран Л.Л. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.