Дээрлик 9 кг. Ошто ири өлчөмдөгү баңгизат соодасына бөгөт коюлду

Укук тартиби 19 май 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-05-18 at 15.59.54 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 15.59.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 15.59.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 15.59.54 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 15.59.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 16.39.02.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ош облусунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды таратууга аракет кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 16-майда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында атайын даярдалган жашыруун жайдан баңгизат каражаттарын алып чыгып, аны андан ары сатуу максатында аракет кылып жаткан учурда Кыргызстандын жараны А.Д.А. кылмыш үстүндө кармалды.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар жалпы салмагы 8 кг 943 гр болгон "гашиш" баңгизаты экени аныкталды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.