Ошто заманбап жылуулук ишканасын куруу долбоору талкууланды

20 Февраль 2025 12:05
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.03.53.jpeg
480502245_967151305603767_4699840353120951905_n.jpg
480455315_967151405603757_728422904695770045_n.jpg
480558905_967151458937085_6168895802156262120_n.jpg
480570070_967151368937094_19442694302777506_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” кытай компаниясынын башкы директорунун орун басары Чжан Цзиньфанды кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.

Аталган долбоор ишке ашырылса, кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөрү белгиленди.

Айта кетсек, долбоордун алкагында курула турган ишкана болжолдуу күнүнө кубаттуулугу 2 миң тонна таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат.

Жолугушуунун соңунда долбоорду даярдоо жана инвестициялык кызматташтык келишимди, жумушчу топту түзүү боюнча макулдашылды.