Ошто суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Сентябрь 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Ошто суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда Ош шаарындагы суу чарба муниципалдык башкармалыгынын айрым кызматкерлери 2022-жылдан бери автоунаа жуучу жайлардан мыйзамсыз түрдө ар ай сайын кошумча 5 000 сомдон пара алып келишкенин билдирген. Жалпы келтирилген чыгым 360 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара катары алынган каражаттын ичинен 80 000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен 1975-жылы туулган К.Т. — башкармалыктын директорунун орун басары жана 1991-жылы туулган Ш.у.Н. — башкы инженер кармалган.

Соттун чечими менен шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.