Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырымдык тилкеси толугу менен реконструкцияланды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңыланган жолдун туурасы 24 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү жолго айланды. Ага эки катмар асфальт төшөлүп, тротуарлар жана ирригациялык арыктар жаңыланды. Ошондой эле жол чийиндери түшүрүлдү.
Белгилей кетсек, бул жол тилкеси совет доорунан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Жаңыланган жол шаардагы унаа каттамын жеңилдетип, айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.