Ошто рейд учурунда уруксаты жок май саткан 5 автоцистерна кармалды

Укук тартиби Загрузка... 26 Январь 2026 16:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өттү.

Салык кызматынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, 5 даана автоцистернаны колдонуу менен белгиленбеген жерлерде көчмө чекене соода жүргүзгөн күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынып, транспорт каражаттары айып жайга токтотулду, күйүүчү-майлоочу материалдар алынды. Материалдар сот органдарына өткөрүп берилди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мунайзаттарды чекене сатууга контролдук-кассалык машиналар, атайын күйүүчү май жабдуулары (отун таратуучу колонкалар) жана автоматташтырылган эсепке алуу системалары милдеттүү түрдө болгон автомай куюучу станцияларда, автомобилдик газ толтуруучу, компрессордук станцияларда гана уруксат берилет.