Ошто мыйзамсыз иштеген таш майдалоочу жайдын иши токтотулду

Укук тартиби 8 октябрь 2025 10:18
557769316_1312039487061764_4294157171800077603_n.jpg
558956021_1312039477061765_8895334766804696490_n.jpg
Алдыга
Артка
557769316_1312039487061764_4294157171800077603_n.jpg
558956021_1312039477061765_8895334766804696490_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз иштеген таш майдалоочу жайдын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуш объектилерине текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Ноокат районунун Бел айыл аймагында жергиликтүү тургун тарабынан таш майдалоочу техникалар тиешелүү уруксат кагаздары жок жерде иштеп жаткандыгы аныкталды.

Башкармалык тарабынан уруксаты жок ээлеп алган жерди бошотуу боюнча тургундарга эскертүү берилип, иши токтотулуп, таш майдалоочу техникалар алынды.

Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери курулуш тармагындагы тартипти бекемдөө максатында мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.