Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси 10 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 29 Июль 2025 14:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Коррупцияны жоюу жана окуу мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан УКМК С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы М.Ж.К. тарабынан У.О. аттуу жарандын уулун биринчи класска киргизгендиги үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу фактысын аныктады.

2025-жылдын 24-июлунда аталган акча каражатын алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Ж.К. кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирилди.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.