Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Моминов көчөсү 1 дарегинде курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды.
Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, бул жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына жана айланадагы адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленди.
Белгилей кетсек, аталган объект боюнча буга чейин да башкармалык тарабынан эскертүүлөр берилип, тиешелүү талаптарды аткаруу милдеттендирилген.
Бирок, 25-августта жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө эскертүүлөргө карабастан курулуш иштеринин уланып жатканы аныкталды.
Анын негизинде "Teco" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, объекттеги курулуш иштери токтотулду.
Эгер аныкталган мыйзам бузуулар белгиленген талаптарга ылайык толук жоюлбаса анда компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.