Ошто Кайгуул милициясынын инспектору кармалды

Укук тартиби Загрузка... 25 Июль 2025 15:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кайгуул милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Патрулдук милициянын инспектору, милициянын прапорщиги К.Т.К. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Алсак, 5-июль күнү милициянын прапорщиги К.Т.К. рейд учурунда Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалында болуп, анын айдоочулук күбөлүгү (1 жылга ажыратылган) жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту жок болгон.

Аталган мыйзам бузууларга карабастан инспектор К.Т.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облустук наркологиялык борборго текшерүү үчүн мас айдоочунун ордуна, унаа жүргүнчүсүнүн өздүк маалыматтарын жөнөткөн. Мындан улам экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган.

Жыйынтыгында инспектор мыйзам бузуучуга карата тийиштүү чараларды көрбөй бошотуп жиберген. Мындан тышкары, тиешелүү протоколдорду түзбөстөн унааны айдоочуга өткөрүп берген.

23-июлда Ош ШИИБ Патрулдук милициясынын өздүк курамынын эрте мененки бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө К.Т.К. УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен К.Т.К. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.