Бишкек, 19.11.26 /Кабар/. Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университети Ош шаарында филиалын ачып, кампус куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул маселе мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев жана мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен университеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда университеттин өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчүн билдиришти. Мэрия демилгени колдой турганын айтып, ылайыктуу жер тилкелеринин варианттарын сунуштоого даяр экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, университет Кыргызстанда кампус ачуу үчүн Ош, Бишкек шаарларын жана Ысык-Көл аймагын караштырууда. Долбоор чет элдик инвестиция тартууга жана жаштардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди жакынкы аралыкта баштоого ниеттеништи.