Ошто эттин баасы 770 сомдон ашпаш керек: Текшерүү жүрүүдө

Аймак 28 август 2026 10:15
1.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Ош шаарында уй жана кой этинин баасы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэрия жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эт сатуучу жайларда рейддерди өткөрүп, сатуучуларга белгиленген баадан ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгиленген талапка ылайык, сөөгү менен кошо эсептегенде уй этинин баасы 770 сомдон, кой эти 880 сомдон жогору болбошу керек.

Эт сатуучу жайларда баалардын белгиленген чектен ашпашы мындан ары да көзөмөлдөнөт.