Ошто экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 30 Июль 2025 08:45
IMG-20250729-WA0046(1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Ош шаарында камактан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткен. Аталган факт боюнча зарыл болгон күч жана каражаттарды тартуу менен дароо издөө иш-чаралары уюштурулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды.

Жогорудагы окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо, ошондой эле шектүүнү коштоп жүрүү боюнча жооптуу кызматкерлердин (конвоир) аракеттерине баа берүү максатында кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.