Ошто документтерди жасалмалаган адамдардын тобу кармалды

Укук тартиби 23 апрель 2026 19:10
Ошто документтерди жасалмалаган адамдардын тобу кармалды
copyright icon УКМК

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ошто документтерди жасалмалаган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерди жасалмалоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г. жана ортомчу катары иш алып барган Х.С.И. менен Т.И.М. аттуу жарандар кармалды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иштин бардык жагдайларын жана башка адамдардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.