Ошто борбордук аянтты оңдоп-түзөөдө коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 21 июль 2025 15:27
Screenshot_63.jpg
519598384_1135193071963026_8117500920134584333_n.jpg
519416971_1135193151963018_375750573728236873_n.jpg
519742292_1135193155296351_6131061291674949526_n.jpg
520152731_1135193095296357_1594464451416343443_n.jpg
520219350_1135193061963027_967802964915345223_n.jpg
Алдыга
Артка
Screenshot_63.jpg
519598384_1135193071963026_8117500920134584333_n.jpg
519416971_1135193151963018_375750573728236873_n.jpg
519742292_1135193155296351_6131061291674949526_n.jpg
520152731_1135193095296357_1594464451416343443_n.jpg
520219350_1135193061963027_967802964915345223_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн ири өлчөмдөгү акча каражаттын максатсыз пайдаланууга байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын жана анын капиталдык курулуш башкармалыгынын, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча агенттигинин (АРИС), эки курулуш компаниянын кызмат адамдары, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, атайылап, иштердин көлөмүн көп көрсөтүп жазышып, алынчу курулуш материалдарынын бааларын жогорулатылган баалар менен тендер өткөрүшкөн. Натыйжада мамлекетке 25 млн 690 миң 143 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесименен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мурдагы вице-мэри 1981-жылы туулган И.М., инженер кеңешчи 1967-жылы туулган Э.Э., мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контроль жүргүзүүчү мамлекеттик инспектор 1992-жылы туулган Т.Т., Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары 1988-жылы туулган А.А. жана жаран 1981-жылы туулган Н.С. кармалды.

Кармалгандар соттун чечими менен камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.