Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Ош шаарында 2026-жылдын 8–22-октябрында Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда "Jai Jai" заманбап өнөр көргөзмөсү өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын ачылышы 8-октябрда саат 14:00дө башталат.
Көргөзмө Ош шаарынын тарыхын, маданий мейкиндигин жана бүгүнкү өзгөрүүлөрүн заманбап искусство аркылуу чагылдырууга багытталган. Экспозицияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын авторлорунун фото, живопись, текстиль, керамика, инсталляция жана видео форматындагы эмгектери коюлат.
Долбоор шаардын беш маданий мейкиндигинде — Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде, Токтогул Сатылганов атындагы китепканада, Brio кофейнясында, "Сузак" чайканасында жана сүрөтчүлөрдүн үй-өнөрканасында уюштурулат. Ошондой эле 8–10-октябрь күндөрү панелдик талкуулар, воркшоптор, куратордук экскурсиялар, көркөм перформанс жана поэзия кечелери өтөрү күтүлүүдө.