Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, башкы инженер, башкы эсепчи жана подряддык уюмдун жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж.ны, башкы инженер Т.Д.Ж.ны, башкы эсепчи К.С.О.ну жана “С” ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б.ны кармады. Алар "Кең-Сай" конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысына шектелүүдө.
Колдо болгон маалыматтар боюнча жогоруда аталган курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 млн 45 миң 900 сом каралып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 млн 407 миң 828 сомду түзөт.
Алынган маалыматтар капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү адамдар аркылуу бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан подряддык уюмдарга бөлүнгөн акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн "откат" түрүндөгү сый акыларды системалуу түрдө алышканын, анын кесепетинен подряддык уюмдар тарабынан курулуш иштери атайылап белгисиз мөөнөттөргө создуктурулганын, ал эми көрсөтүлгөн кызматтар жыйынтыгында сапатсыз жана өз убагында аткарылбаганын же такыр эле ойдон чыгарылган себептер боюнча белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын айгинелейт.
Учурда аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, тергөө тарабынан жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чаралар улантылууда.