Ошто 2 адвокат 220 миң сом параны кайтарып берүү учурунда кармалды

Укук тартиби 4 сентябрь 2025 12:19
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.43.21.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. УКМК арыздануучуга 220 миң сом акчасын кайтарып берип жаткан жактоочуларды кармады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 21-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочулар М.И.Х. жана С.Ж.Х. кылмыш ишинде арыздануучу катары катышкан жарандан 220 миң сом өлчөмүндө акча каражатын кайтарып берип жаткан учурда кармалды.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, И.М. жана Ж.С. аттуу адвокаттар жашы жете электерди зордуктоо жөнүндө кылмыш иши боюнча беренени сексуалдык мүнөздөгү анча оор эмес беренеге өзгөртүүгө мыйзамсыз көмөк көрсөткөндүгү үчүн арыз ээсинен 270 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Көрсөтүлгөн адвокаттар айыпталуучу Ш.Ж.га көмөк көрсөтүүгө убада беришкени, бирок кылмыштын квалификациясын өзгөртүү үчүн иш жүзүндө эч кандай чара көрбөгөнү жана акча каражаттарын алдамчылык жол менен ээлеп алганы аныкталган.

Ош шаардык сотунун санкциясынын негизинде И.М. УКМКнын тергөө абагына, Ж.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.