Ошто 10 миң малга ылайыкталган агроөнөр жай комплекси курулууда

Ошто 10 миң малга ылайыкталган агроөнөр жай комплекси курулууда
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Анын алкагында, минкаб төрагасы "Коңур-Жаз" агроөнөр жай комплексине дагы барды.

Долбоор боюнча 69,76 гектар аянттагы комплекс 10 миң малга ылайыкталып, 910 жумуш оруну түзүлөт.

Комплексти суу менен камсыз кылуу үчүн көлөмү 20 миң куб метр болгон бассейн жана 2 насостук станция курулууда, ал 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздайт.