Ошко Москвадан "Өчпөс оттун" бөлүкчөсү алып келинди

Коом Загрузка... 07 Май 2026 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Ош шаарына эл аралык "Эскерүү оту" эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган "Түбөлүк оттун" бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана телеалып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишти.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплексте "Түбөлүк отту" жандыруу аземи өттү.

Иш-чарага мэрия, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Андан соң Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, баатырларды эскерүү жана жаш муунду тарбиялоонун мааниси белгиленди.