Ошто мыйзамсыз курулуштарга жол берген аткаминерлер кармалды

Укук тартиби 9 февраль 2026 16:12
1.jpg
630660845_1407729567801525_1093718470715303939_n.jpg
630680133_1407729637801518_226417584971032928_n.jpg
631138418_1407729644468184_4656838476891187815_n.jpg
631333522_1407729694468179_7035895286356015818_n.jpg
631494447_1407729571134858_7738355798699937678_n.jpg
631719312_1407729844468164_4455385756701849006_n.jpg
631783010_1407730031134812_7040070840500116021_n.jpg
631924361_1407730151134800_5116420874369468055_n.jpg
632280681_1407729564468192_911699709496407210_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Ошто курулуш компаниялары унаа токтотуучу жайлар боюнча жалган маалымат берип, мыйзамсыз коммерциялык имараттарды куруп алышканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ош архитектурасы курулуш долбоорлорун мыйзамсыз бекитип, компаниялар менен алдын ала келишим түзгөн. Натыйжада, шаардагы жол тармагы начарлап, тыгындар пайда болуп, инфраструктурага кошумча жүк келтирилген.

Мындан улам кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана архитектура боюнча адиси Т.З.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда иликтөө уланууда жана шаар курулушу чөйрөсүндөгү коррупциялык кылмыштарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.